Иманкадыр Рысалиевдин Акылбек Жамангуловду коркуткан каты жарыяланды (фото)

Иманкадыр Рысалиевдин "Мегаком" ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангуловду коркуткан кат жазышуусу делинген скрин-сүрөт өздүк булактар тарабынан келип түштү.

Атын атагысы келбеген адамдын айтымында СМС билдирү Акылбек Жамангуловго карата Иманкадыр Рысалиев тарабынан жазылган.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Акылбек Жаманкулов өзү да Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуу болгонун ачыктап, “үң бүлөөңдү ойло, каматам, түбүңө жетем" деген СМС билдирүүлөр бар экенин айткан.


"КТ Мобайл" компаниясынын айланасындагы айлык маселесине байланыштуу окуялардан кийин аталган компаниянын жетекчиси Нурбек Мукамбетов жана орун басары Эрназар Иманкадыр уулу кызматтан кетишкен.

Кечээ, 16-майда КСДП жана "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде "КТ Мобайл" компаниясынын ишин иликтөө үчүң 14 адамдан турган депутаттык комиссия түзүлүп, ага төрага катары Курманкул Зулушев бекитилген.

Эрназар Иманкадыр уулунун атасы Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы.

PS: Премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев Мегакомдун директорун коркуткан смс ачыкка чыкты.
Тез арада Иманкадыр Рысалиевдин жоопко тартылышын талап кылабыз!!! Түштүк Кореянын Президенти курбусу менен сыр бөлүшкөнү үчүн камалган. Биздикилердин беттери бетон!

Баса, өткөндө соц тармактарга Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиевдин пара алып жаткан жеринен кармалып, ошол замат таасирдүү адам тарабынан кайра бошотулганы жазылган. Ошол таасирдүү адам Иманкадыр Рысалиев экени айтыла баштады. Бул факт боюнча да укук коргоо органдары дыкат иликтеп чыгышса, опурталдуу коррупциялык иштин үстүнөн чыгышы мүмкүн. Буга окшогон серый кардиналдарды тез арада мыйзам чегинде жоопко тартуу керек! Антпесе абал чатак... Мындай чуулгандуу окуянын орун алышына, коррупциялык схемалардын келип чыгышына жол бергени үчүн, тууган-уругун жооптуу кызматтарга койгону үчүн өкмөт башчы Абылгазиев дагы жооп берүүгө тийиш!