Депутаттык комиссия Алмазбек Атамбаевди оор кылмыштар боюнча айыптоодо (тизме)

Бүгүн, 17-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өтүүдө. Анда комиссия мүчөсү Талант Мамытов парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековго комиссиянын кайрылуусун окуп берди.

Бул кайрылууда эмне себептен Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектиги айтылууда. Атамбаевге бир нече оор айып тагылууда.

1) Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда Орусиянын жарандарына ок атуучу куралдарды тапшырган. Бул жарандардын арасында уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрү бар.

2) Кой-Таштагы турак жайы мыйзамсыз алынган.

3) Кримтөбөл Азиз Батукаев Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө мыйзамсыз бошотулган.

4) Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда 35 гектар жер тилкесин "айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "калктуу конуштардын жерлери" категориясында мыйзамсыз которгон.

5) "Дастан" ишканасынын айрым кызматкерлеринин жардамы менен Кой-Таштагы жерди мыйзам бузуу менен сатып алган.

6) Чоң-Сары-Ойдо 4,61 гектар жер тилке Алмазбек Атамбаевдин атына мыйзамсыз өткөн.

7) Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоочу компанияны Атамбаев өзү тандаган. Бул иштен улам мамлекетке чоң зыян келтирилген.

8) 2016-жылы Аида Салянова интернеттеги социалдык тармактарында ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келүү боюнча жазып, Атамбаев жеке менчик компанияны колдогон деп айткан.

9) Атамбаев президент болгондо бардык бийликти өз колуна алып, уюшкан кылмыштуу тобун түзгөн. Ал "Датка-Кеминди" курууда, Тарых музейин оңдоого аралашкан.

Бүгүнкү жыйынга комиссиянын 12 мүчөсүнөн 10у келип, 2си келген жок. Алар Канатбек Исаев жана Кожобек Рыспаев. Депутат Евгения Строкова кечигип келди. Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия 13-июнда түзүлгөн. Анын толук курамы:

"КСДП" фракциясынан - депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;

"Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов;

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу;

"Бир Бол" фракциясынан депутат Бактыбек Турусбеков;

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев.