Суудан кургак чыккандарга сурак болобу?

Исхак Пирматов деген тагдырдын эрке талтаңы бар. Кезинде кыргыздарды койго теңеп, атасы ажо болгондо чабан сыпатында сүрөттөп жүргөн Максим Бакиевдин ынагы болуп, "Кыргызнефтегаз" деген ишкананы тоймок тургай , топук кылууну унутуп коюп жеген делген чыгаан. Кезинде бул жигитке кылмыш иши козголуп, бирок ЖоКенин колдоосу менен аман калган. Азыр да депутат. Бул деген ага укук тармагынын укуругу жетпейт дегендик. Анткени, кезинде канчалаган депутаттар камакка алынып, айрымдары түрмөдө олтурса, айрымдары ал жактан бошоп чыгууга да үлгүрүштү.  Бир гана ушул Пирматов деген эргулдун кылын кыйшайта албай атышат. Колдогону күчтүү экени ушундан билинип жатат өңдөнөт. Демек, колдоочуң Лондондо болсо коргоолуңа чыбык сая алышпайт деген аксиома аныкталып баратабы? Же бул сапар акыйкат өзү өкүмүн жүргүзөбү? Эрк сынамай али алдыда...

Булак: Де-Факто