Азиз Суракматов, Бишкек шаарынын мэри: “Эми Бишкек шаарынын тургундары коомдук транспортто электрондук картанын жардамы менен жүрө башташат”

Борбор калаабызга мэр болуп Азиз Суракматов келгенден берки өзгөрүүлөрдү байкап жатсаңыз керек. Суракматов жетектеген бир жылда кандай иштер жасалганы, келечек максаттары жана шаарыбызды дагы кандай көрктөндүрүү аракеттери болоорун тємєнкї маегибизден тапсаўыздар болот… 


--Азиз Эмилбекович, борбор калаабызга мэр болуп иштегениңизге бир жылдан ашты. Кандай өзгөрүүлөрдү айтып бере аласыз? 


--Азыркы тапта транспорт тармагында алгачкы өзгөртүүлөрдү киргизүү аракетиндебиз. Жакында Бишкек шаарынын тургундары коомдук транспортто электрондук картанын жардамы менен жүрө башташат. Учурда валидаторлорду 2 каттамда тестирлөө башталды. Алар 14- троллейбус жана 8- автобус, азырынча 20 бирдик транспортто иштеп жатат. Тендерден жеңип чыккан Швейцариялык BPC компаниясынын планы боюнча жабдыктарды тестирлөө жылдын аягына чейин жүрөт. Буюрса, ноябрь айында жеңилдетилген категориядагы жарандарга жана мектеп окуучуларына электрондук карталар берилип, долбоорду акырындап ишке ашыра баштайбыз. Ал эми жалпы калкка карталар ноябрь айында сатыкка чыгат. Карталар акысыз, жеңилдетилген, стандарт категорияларына бөлүнөт. Акысыз карталарды пенсионерлер, почточулар жана майып жарандарыбыз алат. Бул категорияда бизде 83 миң жараныбыз бар. 


--Жер маселеси боюнча кандай реформаларды ишке ашыруунун аракетиндесиздер?


--Бишкек шаардык кеңеши тарабынан 2011-жылы чыккан №288-токтом баш калаабыздагы жерди менчикке берүү тартибин белгилеп турган. 2013-жылдагы шаардык кеңештин №55-токтомуна ылайык аталган токтомго өзгөртүүлөр киргизилген. Анда муниципалитетке тиешелүү жерди менчикке берүү тартиби жокко чыгарылган. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлерин ижарага берүү боюнча түзүмдөрү аталган токтомго ылайык Комиссиянын чечими менен иш алып барат. Бирок нормативдик актылар жер боюнча коррупцияга каршы мыйзамга төп келбей, жаңыланууну талап кылат. Ушундан улам, жер пайдалануу тармагында бир нече жоболорду иштеп чыктык:

--Бишкек шаарында жер тилкелерин убактылуу пайдалануу тартиби жөнүндө ЖОБО ;

--Бишкек шаарында кошумча жер тилкелерин соодасын өткөрбөстөн ижарага берүү тартиби жөнүндө ЖОБОСУ;

--Бишкек шаарынын муниципалдык менчиги болгон жер тилкелеринин ижарасын узартуу, токтотуу жана пайдалануу укугу жөнүндө ЖОБО;

--Бишкек шаарында жеңил типтеги объектилер үчүн жер тилкелерин ижарага берүү тартиби жөнүндо ЖОБО; 

--Жер тилкесинин чек арасын (конфигурациясын), өзгөртүү же жер тилкени алмаштыруу тартиби жөнүндө ЖОБО; 

--Буга чейин капиталдык курулушка берилген жер тилкелерин жеке менчикке сатуу тартиби боюнча ЖОБО;

--Электрондук аукциондун жардамы менен Бишкек шаарында жер тилкелерин сатып алуу тартиби жөнүндө ЖОБО. Бул жоболор иштелип чыгып, учурда Бишкек шаардык кеңешинини депутаттарына карап чыгууга берилди.         

Ал эми кара жумуш жагынын айта турган болсок, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы жаңы салынган “Ынтымак” сейил багынын долбоорун иштеп чыккан. Аталган сейил бактын аянты 10 гектарды түзүп, Ч. Айтматов проспектиси менен А.Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн чектешкен жеринде жайгашкан. Анда жөө жүргүнчүлөр коммуникациясы (жалпы аянты 17000 чарчы метр тротуар, жол), көчөлөрдү жарыктандыруу, чакан архитектуралык формаларды жайгаштыруу, жашылдандыруу, коомдук даараткана, балдар аянтчасын, воркаут аянтчасын орнотуу жана аянтчалары курулуп, сейил бакка келгендер үчүн 160 машинага ылайыкталган автотоктотмо каралган. Аймагында ар түрдүү бактарды отургузуу белгиленген сейил бакты айланып чуркоо үчүн жол жана веложолу каралган. Долбоорду ишке ашырууга «Бишкекасфальтсервис», «Бишкек жашыл чарба», «Бишкекжарыктандыруу» муниципалдык ишканаларынын эмгеги зор. Бүгүнкү күндө сейил бакка 371 түп бак отургузулду. 


--Сиз келгенден бери Бишкек шаарына канча сомдук инвестиция тартылды? 


--2019- жылдын биринчи жарым жылында Бишкек шаарына 95,6 млн АКШ доллар түз инвестиция тартылып келинди. Бул сумма 2018-жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу 18,9 пайызга азайды. Ошол эле маалда сальдосу (киреше минус чыгаша) жакшы чыгып, 29,7 млн АКШ долларын түздү. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында инвестицияларды кошуу үчүн экономикалык ишкердиктин ыңгайлуу багыты болуп маалымат жана байланыш, чекене жана дүң соода, автоунааларды оңдоо тармактары аталды. 


--“Ынтымак” сейил багына ишкерлер ресторан кура башташкан эле. Сот процесси учурунда сизге акча сунуштоолор, коркутуулар болду дешет, бул чынбы? 


--«Ынтымак» сейил паркы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун тапшырмасы менен шаардык бюджеттин акчасына салынды. Эч кандай ресторан, башка ишкерлерден сунуш түшкөн эмес, мурунку жерлерди мыйзам чегинде соттошуп, шаарга кайтарганбыз, эми бийликти эч ким коркута албайт да. Мамлекеттик жана муниципалдык бийликте коркутуулар болушу мүмкүн эмес, мага эч ким коркутуу кылган жок. Ал эми акча боюнча, Кудайга шүгүр өз оокатым өзүмө жетет. Эч кандай акча сунуштоолор да болгон жок, болбойт дагы. Андай жаман иштерге барбайбыз, биз коррупциясы жок, таза иштегенге бел байлап келдик. 


--Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар, Бишкекти таанылгыс кылып өзгөртүүгө кудуретим жетет деп ишенесизби? 


--Аба ырайынын шарты жакшы болуп турганда, биз "Чыгыш 5" кичи районунда жөө жүрүүчү аймакты көрктөндүрүп жатабыз. Ошондой эле, Түлөбердиев жана Кокчетавская көчөлөрүнүн кесилишиндеги Сейил бак зонасын калыбына келтирүү иштерин аяктайбыз, ал жер 11 гектарга жакын аймакты ээлейт. Түштүк магистралда жакында эле ачылган «Ынтымак» сейил багынын чыгыш тарабында дагы бир зона боюнча даярдык иштери башталды. Махабат сейил багынын ордуна «Ден соолук» сейил багын куруууга даярдык көрүп жатабыз. Суук түшкөнгө чейин Рысмендеев көчөсүн бойлой узундугу 6,6 км болгон веложолду куруп бүтөбүз деген үмүтүбүз бар. Азыр ал жерге анча чоң эмес көпүрө куруп жатабыз. Щербаков-Боталиев көчөсүндөгү сейил бакты куруу үчүн жана Тыналиев-Ахунбаев көчөсүндөгү веложолдун курулушу боюнча тендер жарыялайбыз. Чыңгыз Айтматов атындагы эмен багы боюнча иштерди аяктайбыз. “Көчө-жол түйүндөрүн өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга даярданып жатабыз, алар боюнча КЭР гранттык каражаттарына 60 көчө реконструкцияланат. ЕӨРБ менен автобустарды сатып алууга кредиттик-гранттык линия боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Мектеп жана бакчалардын сыйымдуулугун көбөйтүү үчүн өз программабызды ишке ашыруудабыз. №24 мектептин курулуш иши аяктаган, № 19 мектеп башталган."Туңгуч" кичи районунда бала бакча курулуп, жуманын аягында №187- кайыўды кичи районундагы балдар бакчасын куруу боюнча капсула салынды. Пландар дагы көп, иштер дагы аз эмес. 


--“Ак Ордо”, “Ак Өргөө” жаңы конуштарына каттаган автобустардын мышык ыйлаган абалын сизге көп жолу айттык. Качан оңдолот? Эмнеге ал жактарга жолдору жакшы болсо да маршрутканы аз бергенсиздер? 


--«Ак-Ордо» жана «Ак-Өргө» жаңы конуштарын тейлеген №6- автобустук каттамда 14 автобус иштейт. Ошондой эле, ар түрдүү багыттарда иштеген 12 микроавтобустук каттам бар. Алардын саны 294 автоунааны түзөт. Алар: № 106, № 139, № 192, № 222, № 185, № 204, № 157,№ 215, № 216, № 281, №169, № 200.


--Тытылган, ичи кир автобустарда окуучулар тыгылып, бут коёрго орун жок абал мурун бар болчу, азыр деле кайталанып жатат. Өз көзүңүз менен көрдүңүз беле?


--Бул багытта шаардык траспорт башкармалыгы дагы, Бишкек жүргүнчүлөр автобазасы дагы нормативдик-укутук актыларды жакшыртуу үстүндө иш алып барууда. Анын натыйжасында коомдук транспорттогу кемчиликтерди жоюу багытында иш алып барабыз. Ар бир чогулушта бардык транспорттук ишканалардын жетекчилери коомдук транспортто тазалыкты сактоо үчүн, автобустардын ичин жумуш башталаар алдында дагы, иш күнү соңуна келгенден кийин дагы жууп-тазалоо керектиги айтылып келет. 


--Баса, жаңы келген автобустар электрондук типке өтүү алдында турат. Элибиз бат эле көнүшөт деп ишенесизби? 


--Электрондук билетке өтүү –замандын талабы, көптөгөн шаарларда бул система киргизилген. Бул системанын жардамы менен бюджетке каражаттын түшүшүн ачык-айкын көзөмөлдөп, жүргүнчүлөр агымын анализдеп, коомдук транспорт менен жеңилдетилген түрдө пайдаланган жүргүнчүлөрдүн реалдуу санын билсе болот. Ошол эле учурда жүргүнчүлөр дагы жол киреге короткон каражатын жеке кабинет аркылуу көзөмөлдөй алышат. Электрондук билетти киргизүү жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздап, калктын жүрүү ылдамдыгын жогорулатат. 

--Жаңы автобустар качан келет? Кир, айдоочулары тамеки чеккен, мал жүктөгөндөй киши салган, ыңгайсыз маршруткалардан качан кутулабыз? 


--2020-2021- жылдары жаңы автобустарды сатып алууну пландаштырып жатабыз. Микроавтобустардын каттамдарын борбордон азайтканга аракет көрүүдөбүз. 


--Жалпысынан Бишкек шаарында канча фирманын маршруттук линиясы иштейт. Алардын баары мыйзамдуубу? Маршруткалардын жана таксилердин лицензия алуусуна макулсузбу? Эгер макул болсоңуз, коррупция болуп кетпейби? 


--Бүгүнкү күндө 40тан ашык эл ташуучу фирма лицензиянын негизинде иштейт. Мындан тышкары эки муниципалдык ишкана бар. Алар: «Бишкек троллейбус башкармалыгы» жана «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы». Кыргыз Республикасынын “Автомобилдик транспорт жөнүндө” Мыйзамына ылайык бүгүнкү күндө шаардык каттамдарды тейлеген бардык компаниялар мыйзам чегинде алынган лицензия менен гана иштейт. Ал эми таксилердин иши азыркы учурда лицензияланбайт. Бирок, азыркы учурда мэрияга №227-№131-№270 жана №107 каттамдагы маршруттук бустар өттү.


--Бишкек шаарында дагы канча чакырым жолго асфалть басылат? 


--“Бишкекасфальт” ишканасынын линиясы боюнча узундугу 18 км түзгөн 29 көчө, 1 сейил бак 2019-жылы оңдолуп бүтүш керек.

Ал эми Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 1 км көчө калды. 


--Бишкек шаары кышка канча пайыз даяр? Кыштан аман, үшүбөй чыгабыз деп кепил боло аласызбы? 


--Шаардык кызматтар жана ишканалар тарабынан шаарды кыш мезгилине ийгиликтүү даярдоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүп жатат. Отканаларды күз-кыш мезгилине даярдоо максатында «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы тарабынан 2019-жылдын 1-октябрына 66 откананы оңдоо иштерин аткаруу пландалган, учурда бардык 66 откана күз-кыш мезгилине даярдалды. Мындан тышкары быйыл узундугу 2736 метр болгон эскирген жылуулук түйүндөрүн алмаштырдык. Жалпы аянты 1000 чарчы метр, кубаттуулугу 600 кВт болгон «Ротор» отканасына толтуруучу суунун температурасынын жогорулашын камсыздоо үчүн, күн коллекторлорунун 400 панелин орнотуу боюнча иштер аяктады. Кыш мезгилинде отканаларга көмүрдү жеткирүү үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата абал боюнча 29,0 тонна (100%) көлөмдө жүргүзүлгөн. Көмүр сатып алууга конкурс июнда өткөрүлүп, келишим түзүлгөн. Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу 54 билим берүү объектиси жана 11 саламаттык сактоо объекттери оңдолмок. Учурда 50 билим берүү объектиси оңдолуп бүттү, дагы 4 объект оңдолууда. Саламаттык сактоо объекттери боюнча 4 объект аткарылды, 7 объект оңдолууда. Калкка көмүр сатуу үчүн, Бишкек шаарында 7 отун база жана 12 стционардык точка бар. Кыш мезгили башталганда шаардын конуштарында кошумча 30дай стационардык точкалар ачылат. Ошондой эле «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын Инвестициялык программасына ылайык, шаардын 16 жаңы конуштарында магистралдык газ түтүктөрүн куруу иштери аткарылды. Бүгүнкү күндө 7065 турак үй газдаштырууга кошулган. Үстүбүздөгү жылы «Алтын-Бешик», «Достук», «Аска-Таш», «Маданият», «Чалбай», «Учкун» өңдүү 6 турак жай конуштарында курулуш-монтаждык иштери жүргүзүлүүдө.


--Жол боюндагы карапаларга салынган гүлдөр Ош шаарында дагы турчу. Ош мэриясы азабы көп экен деп башкача ыкмага өтүп кетишти. Сиздер бул маселени кантип чечип жатасыздар? 


--Шанхай Кызматташтык уюмунун отурумун өткөрүүгө байланыштуу “Бишкек жашыл чарба” ишканасы 170 даана “гүлдөгөн бак” жасап орнотту. Аларга 22 миң 950 даана бир жылдык гүлдөр отургузулган. Бир мындай бактын баасы баарын эсептегенде, 19972,75 сомду түздү. Мындай “бактарды” орнотуу үчүн дагы вертикалдуу жашылдандырууга мүмкүн болгон жерлер тандалган. Мындан тышкары ал желерде коммуникациялар, жол коргондор турат. Жашылдандыруунун мындай ыкмасы дүйнөнүн көптөгөн шаарларында жасалат. Багууда дагы көп каражат талап кылбайт. 


Жалпысынан алганда, быйыл шаарды гүлдөтүүгө карата эки миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр отургузулду. 


Сезим Мураталиева

Булак:Де-Факто