Дайынсыз жоголгон ишкердин жансыз денеси табылды


Бүгүн, дайынсыз жоголуп кеткен ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүк денеси Кочкор районунда табылганын, Акипресс маалымат агенттиги күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына таянуу менен жазып чыкты. 

Айрым маалыматка таянсак, милиция бул ишке байланыштуу 5 айыптууну кармаганы айтылат. Алардын айтымында анын денесин Кочкор районуна көмүп, БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаасын кара түскө боеп койгондору маалымдалды.

Учурда бул окуя иликтенип жаткан чак.

Ишкер 4-октябрда "Мадина" базарынан БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаасы менен чыккан бойдон, үйүнө кайткан эмес. Туугандары бул окуя боюнча милицияга кайрылган.

Белгилүү болгондой жоголгон ишкер "Мадина" базарындагы "Мадина" кафесинин ээси.