Кашкар Жунушалиевдин “кет-кети” келдиби?

Өткөн аптада Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракеси белгиленген. Анда президент Сооронбай Жээнбеков өздүк курамды куттуктап, сөз учуру келгенде министр Кашкар Жунушалиевдин ишмердигине сын-пикир жолдоду. Президент ишкерлер милиция кызматкерлеринен жардам таба албай калганын, ишеним жоктугунан өлкө жетекчисине чейин кайрылууга аргасыз болуп жатышканын баса белгиледи. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жүргүзүү керектигин да эскертти.

“Негизи майрам күнү алкоо сөздөр гана айтылыш керек болчу, тилекке каршы, президент жаны ачыганынан министрдин ишмердигине ичи чыкпаганын ачык көрсөттү” – деп жазып чыгышты ЖМК өкүлдөрү. Сыягы, бул сындан соң Кашкар Жунушалиевдин көпкө узабай эле кызматынан кете тургандыгы байкала баштагандай. ИИМде интрига, коррупция, кадр саясатындагы шалаакылыктар четтен кезигет. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү солгундаганы ишкерлерди биринин артынан бири өлтүрүлүп, тонолуп жаткандыгы жана бул иштерге ИИМ кызматкерлери аралашкандыгы министр Кашкар Жунушалиевге аброй алып келбей калды окшойт.
 Эң башкысы, элдин милицияга болгон ишеними төмөндөп кетти. Дал ушундай алешемдиктен улам “Сооронбай Жээнбеков кимди министрлик креслого жылдырат болду экен?”, – деген сөздөр ачык эле айтыла баштады.

Кашкар Жунушалиевдин “кет-кетин” чакыргандардын жүйөсү

1) “Баткенден күч органдары Эркин Мамбеталиевден эки жолтандабас унаасын алганы боюнча ИИМ улам бир актанган маалыматын таратып, аягы коомчулук астында уят болгону ачыкталды. Бул боюнча чоң резонанс жаралды. Аягында белекке берилген брондолгон жолтандастарды кайрадан Эркин Мамбеталиевге кайрып беришкенин жар салышты. Дал ушул маселе өкмөттө, коопсуздук кеңешинде курч мааниде талкууланып, министр Кашкар Жунушалиевдин кызматтан кетишине негиз түзүп бергидей” дешет министрдин ишине сын айткандар.

2) “Кой-Таштагы штурм учурунда Кашкар Жунушалиев дендароо болуп, өзүн жоготуп койгондугун балдар айтып беришти” – деп Абдыгул Чотбаев айтып чыкты. Жунушалиев болсо “Атамбаев Кашкар байке мен чыкпаймын” деп ЖМКга айтып алып уят болду. Көрсө Алмазбек Атамбаев Кашкар Жунушалиевден 5 жашка улуу экен. Кийин мактанычын “Кашкар байке биз чыкпайбыз деп Кундуз айткан” деп актанган болду. Эгер Кундуздун үн катканы чын болсо, анда министр 2 жолку ийгиликсиз сүйлөшүүсүн Кундуз менен жүргүздү беле?

Кетет-кетпейт

Кашкар Жунушалиевдин ишмердигине президент өзү кескин сын айтып жаткан соң министр мырза өз калоосу менен арызын жазып, ордун бошотуп берсе дурус болмок дегендер да бир четтен жөөлөп чыга башташты. Ал эми президенттин карынан ИИМ жетекчисинин орду сакталып калабы, же… бул тууралуу жаңы апта башталганы президенттик аппарат үн ката элек.

“Кашкар Жунушалиевдин иш жүзүндө жалпы милициянын бетине көө сыйпаганы, өтө орой катачылык кетиргени кечиримсиз го” – деген топ бийлик тарапка кулак түрүп, жаңылык күтүп турган кербези. Мындан соң президенттик аппарат министрди коргоп калабы, же отставкага айдайбы, азырынча табышмак болуп турат.

Булак: Мезгил ньюс