Финпол: Айеркен Саймаитиге сентябрда издөө жарыяланган

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) тарабынан Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге сентябрь айында издөө жарыяланган. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматкери Анастасия Пискур билдирди.

Буга чейин Саймаити кыргыз милициясында алдамчылыкка шектүү катары издөөдө жүргөнү аныкталган.

«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн.
Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.