Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Эсепке албай жана контрабандалык ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча иш системалуу негизде жүргүзүлүп жана Өкмөттүн көзөмөлүндө турат

Эсепке албай жана контрабандалык ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын иши системалуу негизде жүргүзүлүп жана бул иш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Жениш Разаков 2019-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн контрабандалык жол менен ташып киргизилген эсепке алынбаган товарлар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө баяндамасында айтты.



Вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары – ЕАЭБ) кошулгандан жана кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлү алып салынгандан кийин айрым салык төлөөчүлөр ЕАЭБге товарларды эркин өткөрүү укугун пайдаланып, тиешелүү документтерди тариздебестен жана кыйыр салыктарды төлөбөстөн (импорттоого кыйыр нарк салыгы, импортко акциз), ошондой эле ташып киргизилген товардын баасын жана көлөмүн азайтуу менен жалган маалыматтарды чагылдырып, республиканын аймагына товарларды, анын ичинде мунайзаттарын киргизип баштаган. 



Аталган фактыларды аныктоо жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарларды киргизүүгө бөгөт коюу, ошондой эле салык төлөөчүлөргө колдоо көрсөтүүгө жана аларды коргоого багытталган чараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин колдоосунун астында бизнес-коомчулуктун катышуусунда тийиштүү укуктук негиз түзүүгө багытталган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча системалык иш жүргүзүлүүдө.



Вице-премьер-министр бул багыт боюнча жүргүзүлүп жаткан негизги иш-чараларга токтолуп кетти.



2018-жылдын 1-октябрынан тартып кыргыз-казак чек арасынын жанында «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Ак-Жол», «Чоң-Капка» товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттары ишке киргизилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын түзүмүндө жогоруда аталган товарларды эсепке алуунун пункттарын күнү-түнү иштетүүчү өзүнчө бөлүм ачылган. Убактылуу пункттарда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймагынан ташып киргизилген жүк жөнүндө аймактык салык органдарына онлайн режиминде маалымат жиберүүгө жөндөм түзгөн коштомо кагаздарды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система орнотулгандан кийин кыйыр салыктары төлөнбөгөн жана эсепке алынбаган товарларды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. 



Товарларды ташып киргизүүгө жана кыйыр салыктарды төлөөгө контролду күчөтүү максатында азыркы учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Ак-Жол», «Чоң-Капка» өткөрүү пункттарынын жанында стационардык пункттарды куруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



«Токмок», «Кең-Булун», «Каркыра», «Маймак» товарды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттарын куруу үчүн каржылоо булактары жана товарларды эсепке алуу пункттарын куруу үчүн жер бөлүү маселеси каралып жатат.



Динамикалуу электрондук таразаны орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, анын жардамы менен алынган маалыматтар онлайн режиминде Мамлекеттик салык кызматына берилип турат, натыйжада ташып өткөрүлгөн жүктүн салмагы жөнүндө маалымат алууга жана салык төлөөчү тарабынан берилген коштомо кагаздар менен салыштырууга жөндөм түзүлөт.



Мамлекеттик салык кызматы тарабынан темир жол транспорту аркылуу ташып өткөрүлгөн товарлар боюнча «Түндүк» системасынын жардамы менен ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн ортосунда иштеген темир жол транспортунда башкаруунун бирдиктүү автоматташтырылган логистикалык системасынан реалдуу убакыт режиминде «Кыргыз темир жолу» маалымат алат, ал шайкеш келтирилген жүк номенклатурасын колдонот, мында товардык позициялар ЕАЭБдин өлкөкөлөрүнүн Тышкы экономикалык ишкердиктин товардык номенклатурасынын коддору (ТН ВЭД) менен бирдей. 



«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында кыргыз-казак чек арасындагы Чалдовар, Ак-Тилек, Кең-Булун, Токмок-Авто жол 4 өткөрүү пунктунда видеобайкоо жүргүзүүчү аппараттык-программалык комплекс системаларын орнотуу маселеси иштелип чыгууда.



Көзөмөлдөөнүн кабыл алынган механизминин алкагында Контролдук баалардын минималдуу деңгээлин белгилөө жолу аркылуу ташылып келүүчү товардын баасын жана көлөмүн төмөндөтүп, анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен республиканын аймагына эсепке алынбаган товарларды ташып келүү фактыларына бөгөт коюу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. 



2019-жылдын 1-июлунан тартып Мамлекеттик салык кызматы тарабынан «Күйүүчү майлоочу заттар боюнча электрондук журнал» ишке киргизилген, ага ылайык Күйүүчү майлоочу заттардын жүгүртүлүшүн реалдуу убакыт режиминде контролдоо киргизилген. 



2019-жылдын 17-сентябрында КР Өкмөтүнүн токтому кабыл алынган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо максатында 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын бардык автомай куюучу станцияларында мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын милдеттүү түрдө колдонуу жөнүндө талап, ошондой эле республиканын аймагы боюнча Күйүүчү майлоочу заттар менен жүк ташуучу автомобиль транспортунун жүрүшүндө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу жөнүндө талап киргизилүүдө.



Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу өлкөнүн 5 негизги автомобиль түйүндөрүндө салмак-габариттик контролдоонун автоматташтырылган системасын колдонуу менен республиканын аймагында Күйүүчү майлоочу заттарды ташуучуларынын жөнөтүүчү жерден жеткирүүчү жерге чейинки кыймылынын маршруттун контролдоого, ошондой эле аны эсепке алынбаган ташууну ыкчам аныктоого жана чара көрүүгө мүмкүндүк берет. 



2019-жылдын 22-октябрында КР Өкмөтүнүн токтому кабыл алынган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына мунайды, мунайзаттарды, экологиялык отунду (био отунду), жеңил жана орто дистилляттарды, керосинди, газойлини, газохолду, газолинди, туруктуу газдуу композитти, нафтаны, нефрасаны, бензанолду, мешке жагуучу отунду жана башка мунайзаттарды ташып келүүгө убактылуу тыюу салынган.



Бензанолго, газохолго акциз салыгын киргизүүнү караган мыйзамдын долбоорун (Салык кодекси) макулдашуу жол-жобосу жүргүзүлүүдө. 



Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын, анын ичинен электрондук-эсеп фактураларды киргизүү, контролдук-кассалык машиналарды (ККМ–онлайн) жакшыртуу, товарларды маркалоону киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, алар товарларга байкоо жүргүзүү системасын түзүүгө негиз болот.   



Товарларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен ташуу үчүн административдик жоопкерчиликти киргизүүнү караган «КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору иштелип чыккан. 



2019-жылдын 30-мартынан тартып КР Айыл чарба министрлиги тарабынан түзүлгөн «Чоң-Капка», «Ак-Жол», «Ак-Тилек» жана «Чалдовар» кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарынын жанында бузууларды болтурбоо жана эсепке алуу боюнча фитосанитардык контролдун мобилдүү топтору иштеп жатат. Ушул мобилдүү топтор иштеген мезгилден бери фитосанитардык сертификатсыз карантиндик продукциянын ташып кирүү минимумга чейин азайтылган. 



КР товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо) КР мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол бербөөнү караштырган КР ЖК 2019-жылдын 13-февралындагы № 2902-VI «ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыздоо, ошондой эле КР аймагына аткезчилик товарды ташып кирүүнү токтотуу жөнүндө» токтому менен жооптуу мамлекеттик органдарга 13 пунктту аткаруу тапшырмасы берилген, алардын ичинен 8 пункт аткарылды. Мында мамлекеттик органдар системалуу негизде иш жүргүзүп келаткан 5 пункт аткарууда турат. 



Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар жана мамлекеттик органдар жүргүзүп келе жаткан тийиштүү комплекстүү иш-чаралар эсепке алынбаган товарларды жана күйүүчү майды эсепке алып башкарууну күчөтүүгө жардам берди, бул өз кезегинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлар боюнча кыйыр салыктардын түшүшүн көбөйтүүгө алып келди. 



2018-жылдын 12 айында ЕАЭБден импортко кыйыр салыктардын республикалык бюджетке түшкөнү 2017-жылдын 12 айына салыштырмалуу 3 449 млн сомго көбөйгөн.



Мында белгилей кетчү нерсе, жалпысынан 2019-жылдын 11 айында 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу импортко кыйыр салыктардын иш жүзүндөгү түшкөнү 170,9 млн сомго азайганы байкалган, же темп 99,3% түздү. 



Анткен менен жогоруда аталган ишти аткаруу ушул жылы жакшы жыйынтыктарды бере баштады. Алсак, 2019-жылдын сентябрында импортко кыйыр салыктардан жалпы суммасы 2 585,2 млн сом түштү, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 450,8 млн. сомго (2 134,4 млн. сом) көбүрөөк, же өсүш темпи 121,1% түздү.



Ошондой эле товарларды контролдоо пункттарында коштоочу документтерди тариздөөнүн өсүшү байкалат, алсак 2019-жылдын октябрында коштоочу документтердин 11488 бирдиги таризделди, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 132 бирдикке (443төн 575ке чейин) көбөйгөн, же өсүш темпи 129,8% түздү.



Ушул фактылар көрүлүп жаткан чаралар башкарууну жакшыртууга таасир бергени тууралуу айтып турат жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында эсепке алынбаган товарларды жана күйүүчү майды  ташып киргизүүгө каршы күрөшүүнүн таасирлүү механизмдеринин бири экенин көрсөтөт. 



2019-жылдын башынан тартып ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагына күйүүчү майлоочу заттарды мыйзамсыз ташып кирүүнү токтотуу, салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча төмөнкү мамлекеттик органдар тарабынан иш-чаралар жүрүп жатат, атап айтканда:



Финансы полициясы боюнча:    

57 факт катталган жана жалпы суммасы 25 млн сомду түзгөн зыян аныкталып, көлөмү 1 млн 315,5 миң тонна кармалган. Бул фактылар боюнча бюджетке 8 млн 647 миң 555 сом салык түрүндө кайтарылган.

Калктын керектөө товарларын мыйзамсыз ташуу боюнча 60 факт аныкталып, тергөөнүн жүрүшүндө 32,7 млн сом кайтарылган.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстандын аймагына унааларды мыйзамсыз ташуу жана унааларды каттоо боюнча 53 факт аныкталып, төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 28 млн сомдон ашуунду түзгөн.



Антикоррупциялык кызмат боюнча:

КММ мыйзамсыз ташуу боюнча 9 факт катталган жана кылмыш иштерин тергөө учурунда 13 млн 333 миң 566 сомду түзгөн зыян аныкталып, толугу менен өндүрүлгөн.



Чек ара кызматы боюнча:

КММ мыйзамсыз кыймылы боюнча 95 факт катталган жана жалпы суммасы 34 млн 510 миң 667 сомду түзгөн 1 млн 289 873 литр бөгөттөлгөн.



ЖКККББ боюнча: 

9 факт аныкталып, 50 миң сом суммасындагы айып эсептелип, 37 миң сом  төлөнгөн.