ЖАҢЫ МАЕК - Өмүрбек Текебаев: «Азыркы бийлик эки ыңкылапты эске алышы керек»

Апрель окуяларынын тогуз жылдыгынын алдында «Азаттык» радиосу «Ата-Мекен» партиясынын лидери, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, учурда камакта отурган саясатчы Өмүрбек Текебаевге бир катар суроолор менен кайрылып, жооп алды.

«Азаттык»: - Сиздин айрым санаалаштарыңыз «7-апрель күнү бийликти кулатуу максатыбыз дегеле жок болчу» деп жүрүшөт. Жер-жерлерде курултайларды уюштурган ошол күндүн максаты эмне эле?

Өмүрбек Текебаев: - 2009-жыл ичинде оппозициялык маанайдагы саясатчылар, партиялар биригип, орток программа, түзүм иштеп чыгып, Бириккен элдик кыймылдын Борбордук аткаруу комитети түзүлгөн. Анын төрагалыгына Роза Отунбаева шайланган. Борбордук аткаруу комитетине аймактарда курултайларды уюштуруп, анда орток программаны талкуулоо, Бириккен оппозициялык кыймылдын түзүмдөрүн уюштуруп чыгуу тапшырылган. Ошол чечимди аткарыш үчүн 2010-жылдын жазында элдик курултайлар өтө баштаган. Бул элдик курултайды өткөрүүнүн негизги максаты эле. Бирок курултайдын алдында бийликти ошондой жол менен алмаштыруу максаты турган эмес.

«Азаттык»: - «7-апрелде бийликке келген оппозициячылардын артында Кремль турган» дегендин канчалык чындыгы бар? Ошол мезгилде оппозициячылар Москвага, орусиялык журналисттер Бишкекке байма-бай каттап, Бакиевди жамандаган телеберүүлөр орус ТВларында көрсөтүлүп турган...

Өмүрбек Текебаев: - 2010-жылдын башында чын эле Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Бакиевдин бийлигине сын-пикирлер айтыла баштаган. Кыргызстандын кээ бир саясатчылары менен Кремлдин кээ бир өкүлдөрү жолугуп, консультация өткөрө баштаган. Көрсө ошол кезде Максим Бакиев АКШнын өкмөтү менен жашыруун келишим түзгөнгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан экен. Аны, албетте, Орусиянын чалгын кызматы билген. Кремль Бакиевге таасир этиш үчүн өзүнүн ЖМКлары аркылуу анын саясатын сындаган болуш керек деп ойлойм.
Ошол 2010-жылдын апрелинде өтө турган курултайдын бийликти алмаштыруу менен бүтүшүн орустар да, америкалыктар да, Бакиев да, оппозиция да - эч ким билген эмес. Мага 2010-жылдын март айынын баштарында Бакудан Жантөрө Сатыбалдиев телефон чалды. Ал TRASECA эл аралык транспорт уюмунун штабында Кыргызстандан өкүл болуп иштечү эле. Ал: «Өмүрбек, жакында провокация кылып Бакиевдер бүт оппозиция лидерлерин «мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылды» деген айып менен камайт экен» деп айтты. Ушундай эле сөздү Аликбек Жекшенкулов апрель айынын башында айтты. Оппозициянын башка лидерлери да ушундай сигналды угушкан экен. Биз ошентип, 2010-жылы 6-7-апрелде бизди камашы мүмкүн экендигин билдик.
Бакиевдер ар кайсы аймактарда курултайлардын өтүшүн күткөн. «Ошол курултайларда чагымчылдык кылып, ошонун шылтоосу менен оппозиция лидерлеринин баарын камайбыз» дешкен. Ошон үчүн «Форумга» бир машине курал-жарак барган. Болбосо андай курал-жарак менен атайын бөлүк барбаш керек да. Куралдар аскердин колунда эмес, машинеде болгон. Биз Бакиевдин жасай турган чагымын талкуулап, даярдандык. Борбордук аткаруу комитети мага эл аралык уюмдар, элчиликтер менен сүйлөшүп, Бакиевдин планын аларга жеткирүү, Бакиев элге күч, курал колдоно турган болсо, алардан колдоо табуу милдетин жүктөгөн. Мен 5-6-апрель күндөрү Орусиянын, АКШнын элчиликтеринин өкүлдөрү менен жолуктум. Аларга «Бакиевдин бийлиги чоң чагым кылып жатат, тынч курултай өткөрүп жаткан элге каршы курал колдонушу мүмкүн, эгер ушундай болуп кетсе, кош көңүл карабагыла, курал колдонгондорго таасир этишиңерди суранам» деп кайрылдым. Ыңкылаптан кийин ал адамдар менен жолугуп калганда тамашалап да жүрүштү: «Дагы бир жолу ушундай боло турган болсо, бизге эртерээк айтып коюңуз» деп. Анткени ал окуя Бакиев үчүн да, оппозиция үчүн да, Кремль, Капитолий үчүн да күтүүсүз болгон. Муну эч ким пландаштырган эмес.

6-апрель күнү Таласта Болот Шерди камагандан кийинки басма сөз жыйынында премьер-министр Данияр Үсөнов аны «бул «Ата Мекен» партиясынын лидерлеринин бири, Текебаевдин биринчи орун басары» деп баса-баса айтып жатты. Аны теледен көрүп эле «чагымга байлап жатат, чамасы мени да бүгүн алып кетишет» деп түшүндүм. Ошон үчүн мен даяр турдум. 6-апрель күнү эртең менен аялыма «Айгүл, эртең митингдер болот, эмнеси болсо дагы балдарды окууга алып барып, үйгө кайра келбегиле, туугандардын үйүнө барып жаткыла» дедим. Аларга «бүгүн бизди кармап, камашы мүмкүн» деп айта албайсың да. Оюмда эгер аскерлер келип, үйдөн кармап, балким баарын аңтарып, чаң-тополоң чыгарса, балдар кандай болот, алар психикалык травма алышы мүмкүн, ушуларды көрбөй эле койсун деген ойлор болду. Ошон үчүн аларды туугандардыкына кетирдим. Чын эле алтысы күнү мени үйдөн келип кармап кетишти. Мен анда үйдө жалгыз элем.

«Азаттык»: - Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы күрөшкө чыккандар «7-апрелде оппозиция лидерлерин бийлик камабаса кан төгүлмөк эмес» деп бир ооздон айтып келатышат. Кан төгүлүшүнө ошол кездеги оппозициянын күнөөсү барбы?

Өмүрбек Текебаев: - 2010-жылдын 7-апрелиндеги ондогон адамдар курман болуп, жүздөгөн адамдардын каны төгүлүшүнө түздөн-түз Бакиевдин бийлигинин күнөөсү бар. Бакиев бийлиги чагым уюштурбаганда, оппозиция лидерлерин камабаганда, ошол күнү кезектеги эле курултайлар өтүп, өздөрүнүн резолюциясын кабыл алып, баары тынчтык менен бүтмөк.

«Азаттык»: - Апрель окуяларынан кийинки башаламандык, бийлик, байлык талаш, кандуу июнь окуялары акыйкат үчүн күрөштөн элдин көңүлүн кайт кылгандай. Убактылуу Өкмөткө кирген саясатчылар мамлекетти, элди ойлогондун ордуна бийлик талаш, алдыдагы шайлоого даярданмай, ар кимиси өзүн президент, премьер көрүп жатышты деген өңдүү пикирлер көп айтылат. Биримдиктин, ынтымактын жоктугу кедергисин тийгиздиби? «Бийликти талашкан оңой, андан кийинки жоопкерчиликти көтөргөн оор» дегенге макулсузбу?

Өмүрбек Текебаев: - 2010-жылы 7-апрелдин түнү Убактылуу өкмөт түзүлдү. Өлкөдө кырдаал абдан татаал эле. Бакиев Бишкекте бийликтен кеткени менен түштүккө барып, өзүнө кол курап, каршылык көргөзүүгө камына баштаган. Өлкөдө жарандык согуш коркунучу реалдуу болуп турган. Ушундай шартта Убактылуу Өкмөт түзүлүп, өзүнө жоопкерчиликти алды.
Убактылуу Өкмөт үч багытта иш алып барды. Биринчиси – мыйзамды, коопсуздукту камсыз кылуу. Экинчи багыты – экономикалык, социалдык туруктуулукту камсыз кылуу, ал эми үчүнчүсү – терең саясий реформаларды жүргүзүү, жаңы Конституцияны кабыл алуу. Убактылуу Өкмөт өзүнө алты айлык мөөнөттү өлчөдү. Биринчи ай ичинде референдум жолу менен жаңы Конституцияны кабыл алуу, андан кийинки үч айда парламенттик шайлоону өткөрүп, эл шайлаган парламент, мыйзамдуу өкмөт түзүү жол картасын аныктады.
Биздин бул планыбыз баарына эле жага берген жок. Бакиев апрелдин ортосунда Кыргызстандан чыгып кеткени менен бакиевчил күчтөр апрель-май айларында реванш алып, бийликке келиш үчүн контрреволюциялык аракеттерди жасады. Ушулардын эң көрүнүктүүсү эле 12-майда Бишкекте, 13-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында конрреволюциялык козголоң болду. Мына ушуга окшогон аракеттерден улам түштүктө көпкө чейин Убактылуу Өкмөт алдына койгон негизги максаттардын бири – мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик бийлик органдарынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу кечеңдеп жатты.
Контрреволюциячыл реваншист күчтөрдүн аракети менен, үчүнчү өлкөнүн шыкактоосу менен өзбек-кыргыз улуттарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Бул жерде үчүнчү күчтөр бар экендигин Алмазбек Атамбаев, Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов да бир нече жолу айтышкан. Бул боюнча менде да фактылар, маалыматтар бар. Тилекке каршы, азыр колумда болбогондуктан ачык айта албайм.

Убактылуу Өкмөт өзүнө коюлган тарыхый миссияны ийгиликтүү аткарды деп эсептейм. Ички реваншисттик күчтөрдүн, сырткы, Кыргызстандагы саясий реформаларды каалабаган күчтөрдүн аракети менен чыккан улут аралык кагылышуу албетте, Убактылуу Өкмөттүн миссиясын аткарууда кара так болуп калат.
Көп айтышат, Убактылуу Өкмөттү күнөөлөшөт, «ошол кагылышууну Убактылуу Өкмөт токтотуп калса болот эле да» деп. Биринчиден, анда түштүктө Бакиевдин кадрлары күч органдарында, жергиликтүү бийликтеринде туруп, алар башка жакты угуп турушкан. Экинчиден, ички жана сырткы чагымчыл күчтөр атайын ошол жаңжалды чыгарышкан. Мен оппоненттерге айтам - 1990-жылы да Ошто кыргыз-өзбек болуп улут аралык жаңжал чыккан. Ал кезде бийликти темир муштумунда мыжыгып кармап, ар бир адамга чейин көзөмөлдөп, СССРдин КГБсы турган. Ошол убакта да Ош окуясынын чыгып кетишин эч ким алдын-ала болжоп, токтото алган эмес. Мен муну менен Убактылуу өкмөттү актабайм. Бирок тарыхты эске алып, баа беришибиз керек.

«Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү шайлоого даярданды» деп айтып жатасыз. Өлкөнү турукташтыруунун негизги планы, жолу – тез аранын ичинде мыйзамдуу шайлоо өткөрүү эле. Ал шайлоого бардык күчтөрдүн, ошонун ичинде реваншисттик күчтөрдүн да катышуусуна шарт түзүү болгон. «Чатакты шайлоо жолу менен чечип, өнүгүүнүн тынч стадиясына өтөбүз» деп пландаганбыз. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да өз партиялары менен шайлоого катышкан.
Референдум аркылуу конституциялык реформа болору менен, 1-июлдан баштап биз кызматтан кеттик. Болуп көрбөгөн прецедентке бардык. Башкаларга окшоп бийликте турбастан, «шайлоого катышабыз» деп кызматыбызды таштап кеттик. Баарыбыз биригип, шайлоого катышсак болмок. Бирок көп партиялуу саясий системанын шарты, маңызы ушул экен - баарын эл чечет, эл таразалайт, ошого жараша саясатчылар өз салмагын, баркын билип, анан сүйлөшөт. Шайлоо болбосо баары эле «мен кыйынмын» дей бербейби?

Ыңкылаптардан бүгүнкү бийлик да сак болушу керек

«Азаттык»: - Кээ бир оппоненттериңиз «2005-жылы накта элдик революция болгон, 2010-жылы төңкөрүш болгон» деп айтышат. 2010-жылды утурумчулар деп Убактылуу Өкмөттү элдин кызыкчылыгын ойлобогон, бүгүнкү гана өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон адамдардын жыйындысы катары көргөзгөнгө аракет кылып, Убактылуу Өкмөттүн ишине ушундай басынтып баа беришет. Сиз буга эмне дейсиз?

Өмүрбек Текебаев: - Биринчиден, мен жогоруда айттым, 2010-жылкы революция - 2005-жылкы революциянын уландысы, экинчи стадиясы. 2005-жылы болбой калган реформалар 2010-жылы болду. Экинчиси - 2005-жылы да Кыргызстанда президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш жок болуп, Жогорку сот сенек болуп иштебей калган, бийликсиз убакыт болду. Ошондо да мен жетектеген Жогорку Кеңештин аракети менен Кыргызстанда Убактылуу өкмөт түзүлгөн.
Ал кезде аты «убактылуу» деп айтылбаганы менен март айынын аягында Жогорку Кеңеш менин сунушум менен Бакиевди премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Бакиев убактылуу өкмөттүн башчысы болду. Демек, бул анын өкмөтү убактылуу дегенди түшүндүрөт. Бакиев президенттик шайлоо болуп, инаугурация өткөнгө чейин эле премьер-министр болду. Андан кийин Феликс Кулов Конституцияга ылайык мыйзамдуу премьер-министр болду. Бакиевди деле Конституцияга ылайык премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылганыбыз жок. Конституцияга ылайык премьер-министрдин кандидатурасын президент көрсөтүшү керек. Өлкөдө президент жок болгондугуна байланыштуу Бакиевдин талапкердигин мен сунуш кылгам. 2005-жылы Убактылуу өкмөт болгон, ал да Конституцияга туура келбеген жол менен түзүлгөн.

2005-жылы да кыйраган бийликти бир күндө калыбына келтире алган эмеспиз. Ошондуктан Бишкекте талоончулук (мародерлук) болгон. Миңдеген гектар жерлер басылып алынган. Жеке ишкерлерге 10-100 миллиондогон сом зыян келтирилген.
2010-жылы да Конституцияга туура келбеген жол менен Убактылуу өкмөт түзүлүп парламенттик шайлоого чейин иштеп турду. 2010-жылы да талоончулук болду. Бирок анын масштабы 2005-жылдагыга караганда эселеп аз болду. 2005-жылы миңдеген гектар жерлер басылып алынса, 2010-жылы бир чарчы метр жер басылып алынган жок. 2005-жылы бир нече күн Бишкек шаары тонолсо, 2010-жылы таң атканда Бишкекте талоончулукту Убактылуу Өкмөт токтоткон. Анан кантип 2005-жылы чыныгы элдик революция болуп, 2010-жылы өз элин атып, 100гө жакын адам курман болуп, 1000дей адам жарадар болуп, өлкөсүнөн Бакиев качып кетип жатса, бул революция болбой калабы?! Мен ушундай баа берген оппоненттердин түшүнүгүнүн тардыгына, ниетинин түз эмес экенине таң калам. Мен башында айткандай, 2005-2010-жылкы окуялар - бир революциянын ар кандай баскычы, ар кандай стадиясы. Азыр да 2005-2010-жылкы революциялардын идеялары турмушка аша элек. Ошондуктан бүгүнкү бийлик да сак болушу керек. Өзүм билемдикке барбашы керек. Эл күткөн рефомаларды жүргүзүшү керек. Бийликтин маңызын, табиятын өзгөртүшү керек.

«Атамбаевге акыл кеч кирди»

«Азаттык»: - Бүгүнкү саясий кырдаалды эске алганда «кандуу 7-апрель ыңкылабы максатына жетпей калды» деп айтсак болобу? Чыныгы демократия, чыныгы парламенттик система орноду деп айтуу алешемдикпи?

Өмүрбек Текебаев: - «Революциянын башталышы бар, аягы жок» деген классикалык аныктама бар. 2010-жылкы апрель революциясы 2005-жылкы март революциясынын уландысы болду. Бүгүн бизге бул эки башка тарыхый окуядай болуп көрүнүп турат. Бир топ жыл өткөндөн кийин бул бир эле окуянын эки баскычы катары каралат. 2005-жылы апрель окуясынан кийин эл күткөн үмүт акталган жок. Бакиевчилер эски режимди реставрация кылып, эски режимди кайра алып келди. Ошондуктан, 2010-жылы кайрадан эл көтөрүлүп чыгып, бийликти алмаштырды. 2005-жылкы катаны эске алып, 2010-жылы биз дароо конституциялык реформа жасадык.

Реформа жүргүзүп жатканда эле «сүф-ф деп сыйкырчынын каалоосу менен бир күндө парламенттик системага өтө албайбыз» деп айткам. Анткени парламенттик башкаруу – бул жаңы саясий маданият, жаңы лидерлер. «Жок эле дегенде эки парламенттик шайлоо цикли - 10 жылдан кем эмес убакытта өтүшү керек» деп айтканбыз. Ошон үчүн «Конституцияга өзгөртүүлөр 2020-жылга чейин киргизилбесин» дегенбиз. Андай баалуулуктарды калыптандырыш үчүн ошол баалуулуктарга ишенген, ошол баалуулуктарды жашоо образы деп эсептеген, ошону алып жүргөн адамдар бийликте болушу керек.
Тилекке каршы, 2010-жылкы шайлоонун жыйынтыгында «Ата Мекен» партиясы эң акыркы орунду ээлеп, оппозицияда калды. Кийинчерээк Атамбаев өзүнүн жеке бийлигин орнотуп, парламентаризмге өтүү процессин басаңдатты. Жаңы саясий маданияттын калыптанышын токтотту. Жаңы стандарттагы саясатчылар пайда болгон жок. Мына, бүгүн Атамбаев өзү айтып отурат. «Парламентаризмге өтүшүбүз керек. Президент болгон адамдын ичинде эмне ой бар экенин билбейт экенсиң, жакшы деген адамың деле бийлик колуна тийгенде бузулат экен» деп. Албетте, анын акылы кеч кирип жатат. Бирок кеч болсо да Атамбаев эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли ушундан жыйынтык чыгарышыбыз керек.

«Азаттык»: - «Ата Мекенге» коюлган «талоончулук» боюнча кине партияга урулган катуу сокку болду деген пикирге макулсузбу?

Өмүрбек Текебаев: - «Ата Мекен» партиясы, ошонун ичинде жеке мен өзүм көптөгөн саясий-каржылык топтор менен ачык чабыштык. Душмандарыбыз көп болду. Алардын колунда жалпыга маалымдоо каражаттары, ошонун ичинде телерадио компаниялар, гезиттер, сайттар, троллдор армиялары бар эле. Аларга Атамбаевдин маалыматтык үгүт ресурсу да жашыруун түрдө кошулду. Алар баары «Ата Мекенди» эки багытта жамандаганга аракет кылды. Бири «түштүктөгү кандуу жаңжалга «Ата Мекендин» тиешеси бар», экинчиси «Бишкектеги талоончулукту «Ата Мекен» партиясы уюштурду» дешти. Беш жыл бою ушинтип айтып жүрүштү.
Убакыт өттү. Кадыржан Батыров көзү өтөөрүнүн алдында интервью берип, Атамбаев менен жолукканын, кадр маселесин чечкенин, келечектеги шайлоолорго чогуу баруу жөнүндө сүйлөшкөндөрүн айтып кетти... Бектур Асанов да кийинки интервьюсунда К.Батыров менен сүйлөшүүлөрдү ким жүргүзгөнүн айтты. Ош окуясына Бишкекте Конституциянын долбоорун даярдап жаткан Текебаевдин тиешеси жок болгонун убакыт далилдеди.

Бишкекте талоончулук болду. Ал факт. Бирок «Ата Мекен» партиясынын бир да мүчөсү бир шише суу алды деп айткан, көргөн адам болгон жок. Талоончулукту «Ата Мекенге» жармаштыруу 2012-жылы Өмүрбек Бабановду «Ата Мекендин» демилгеси менен кызматтан алганда келип чыкты. Атамбаев менин колум менен Бабановду алып, Бабановдун колу менен мени жаманатты кылганга аракет кылды. Ошол кезде Бабанов НТСтен кайра-кайра аферист Абылда Юсуповду көргөзүп турса, кийинчерээк Атамбаев түрткүлөп, ИИМдин, Жаза аткаруу мамлекттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди колдонуп «Ата Мекенди» жаманатты кылды. Убакыт өтүп, Бакиевдердин жана алардын жан-жөкөрлөрүнүн менчигин, бизнесин Атамбаев өзү жана анын жанындагылар алгандыгы бүгүн тастыкталып, далилденип отурат.

«Азаттык»: - Дүйнө 4-технологиялык революцияны талкуулап жатса, Кыргызстан «түкүрүктөрдү» парламентке чейин жеткирип талкуулоо менен алек. Коомдун деградацияланышына саясий элитанын, лидерлердин, сиздин таасириңиз канчалык?
Өмүрбек Текебаев: - Жаңы саясий муунду, жаңы саясий стандарттарды калыптандырыш керек. Ал үчүн андай стандарттарды жаш саясатчыларга, жаш депутаттарга, жалпы эле элге бирөө көргөзүшү керек. Биринчи кезекте булар – расмий лидерлер: президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, өкмөт башчылары. Эл колунда байлыгы, бийлиги бар адамдын сөзүнө маани берет. Ошолорду жолдуу деп эсептейт, ошолорду туураганга аракет кылат. Эгерде колуңда байлыгың да, бийлигиң да жок болсо, канчалык туура айтсаң да сени туура деп эч ким эсептебейт, этибарга албайт. «Ушундай акылдуу болсоң көчөдө эмне жүрөсүң?» деп өзүңдү келеке кылып, шылдыңдайт.

Бүгүнкү парламенттин деңгээли - биринчи кезекте бул расмий лидерлердин: президенттин, спикердин, өкмөт башчысынын жоопкерчилиги деп эсептейм. Парламенттин күн тартибин депутаттар өзү аныктабайт. Парламентке мыйзамдар өкмөттөн келип түшүшү керек. Өкмөттүн программасы болуп, ошол программаны ишке ашыруунун жолун өкмөт өзү иштеп чыгып, аны мыйзам түрүндө Жогорку Кеңешке киргизип турат. Мыйзам – бул өкмөттүн саясатын аткаруунун куралы. Ошонун механизми. Өкмөт өзүнүн программасын билбейт. Жогорку Кеңеште отурган депутаттар шеринеде отургандай бири-бири менен сөз талашып, бири-бирине карама-каршы келген, бир максатка, бир багытка иштебеген ар кандай мыйзам долбоорлорун киргизишет. Бул болсо «президент, өкмөт демилгени жоготту, үчилтик өз миссияларын татыктуу аткара албай жатат» дегенди билдирет.
Эми парламенттин бүгүнкү курамы жөнүндө сөз айткым келет. Парламенттин депутаттарынын ар бири менен сүйлөшсөң - билимдүү, акылдуу, ишмер, сөзүн уксаң - мекенин сүйгөн патриот. Бирок алар бир орган катары иштей албай жатат. Анткени алардын башын бириктирген, максаттарга жетүүгө шыктандырган лидерлер камалды же кылмыш иши козголуп жүдөштү, мокошту же өлкөдөн качып чыгып кетишти.
Ал эми парламентке түздөн-түз таасири болуп, реалдуу лидер болгон президент, өкмөт башчы, төрага бирдиктүү иш планын сунуш кылып, парламент мүчөлөрүн шыктандыра алышкан жок.

«Утулганыма гана күнөөлүүмүн»

«Азаттык»: - Азыркы парламенттин деңгээли коомчулукта катуу сындалып келатат. Акылдуу, илим-билимдүүлөрдүн сыртта калып, чабалдардын келиши үчүн «Конституциянын атасын» күнөөлөгөндөр көп. Күнөөңүз барбы?
Өмүрбек Текебаев: - Парламенттин бүгүнкү курамына, сапатына менин күнөөм барбы? Урматтуу, кыргызстандыктар, мекендештер! Мен колумдан келгенинин баарын жасадым. «Ата Мекен» партиясы эң акыркы орунду алып, аз депутат болсо да, биз чоң максаттарды коюп, парламенттин, өкмөттүн ишин ошол жакка бурганга аракет кылдык. Өзүбүздүн бул умтулуубузда көп нерсени биз тобокелге салдык. Өзүбүздүн өмүрүбүздү, ден соолугубузду, эркиндигибизди курмандыкка чалганга даяр болдук. Күчүм жетпегенине, утулганыма өзүм гана күнөөлүүмүн.
«Азаттык»: - Акаев Бакиевди, Бакиев Атамбаевди, Атамбаев Жээнбековду алып келгенине өкүнүп, «өздөрүн күнөөсүзбүз» деп ишенишет. Сизде кандай өкүнүч бар? Же саясий багытыңыздын тууралыгына ишенимиңиз бекемби?

Өмүрбек Текебаев: - Мага көбү «2005-жылы Бакиевди президент кылбай эле өзүң болуп алсаң болмок экен, 2010-жылы Атамбаевге орун бошотпой эле, өзүң болуп алсаң болмок экен, ошон үчүн сен күнөөлүүсүң» деп айтышат. Мен ачык, так, кыска жооп бергим келет. Эгер менин 2005-2010-жылдары президент болууга реалдуу шансым болгондо, эч кимден сурабай, эч кимге орун бошотпой өзүм болуп алмакмын. Менде реалдуу шанс болгон жок. Ошон үчүн аракет кылган жокмун. Ал жылдары бул кызмат мага буюрбаптыр.

«Азаттык»: - «Конституцияны өзүнө ылайыктап жазып, ошол капканга өзү кайра түштү» деген пикирге кандай карайсыз?

Өмүрбек Текебаев: - Кимдер ушундай сөз таратып, ушундай пикир айтышат, мен элестете албайм. Бул Конституция 2008-жылы иштелип чыкты. Ага бардык оппозициялык күчтөр катышкан. Ошол убактагы тарыхый кырдаалда жазылган Конституция. Анан «Текебаев өзүнө ылайыктап жазган» дегендерге суроом бар: кайсы жерин мен өзүмө ылайыктап жазып алыптырмын? Таптакыр түшүнбөйм.

«Азаттык»: - Бүгүн 2010-жылдагы реформанын башкы чоң катасын таптыңызбы? Конституцияны, жаңы мыйзамдарды жазганда кандай каталар кетирилген?

Өмүрбек Текебаев: - Конституция - юридикалык гана документ эмес, бул саясий документ, бул тарыхый документ. Конституция кабыл алынып жаткан кездеги реалдуу саясий күчтөрдүн пикирин, алардын кызыкчылыгын эске алып түзүлгөн орток, компромистүү документ. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн гана эмес, сырттагы таасирдүү коомдук күчтөрдүн позицияларын эске алууга туура келген. Саясий документ деген ушул. Тарыхый документ деген – 1990-жылдан бери эки президенттин үй-бүлөлүк башкаруусун көрүп, бүт коом жаңылыкты талап кылып, «башкаруунун жаңы формасы керек» деп сурап турган маал эле. Ал кезде парламентаризмге баргандан башка вариант болгон эмес. Парламентаризмге барууну бизге тарых шарттап, аныктап койгон. Үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүп жүргөндө биз парламентаризм идеяларын айтып жүргөнбүз. Тарыхый документ деген мына ушул.
Чечимди биз өзүбүз кабыл алып эмес, коом каалап, коом талап кылып, сураганын биз беребиз. Бирок бул негизги багыты. Аны юридикалык документ катары жазып жатканда ар кандай формада болуп калышы мүмкүн. Конституция Куранга окшоп түбөлүк өзгөрбөй турган документ эмес. Ал дүйнөдөгү, өлкөдөгү кырдаалга жараша өзгөрүп турат.
Мен негизинен Конституциянын концепциясы, идеясы 2010-жылкы тарыхый кырдаалда абдан туура кабыл алынган деп эсептейм. Мен жана айткандай, кээ бир кемчиликтери бар. Эми аларды реалдуу саясат менен кийинчерээк Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өзгөртсөк болот. Реалдуу саясат дегеним эмне? Биз эмне, 2005-жылга чейин Конституция менен өлкөнү башкардыкпы? Биз эмне, 2005-жылдан 2010-жылга чейин же Атамбаевдин убагында өлкөнү Конституция менен башкардыкпы? Же азыр Сооронбай Жээнбековдун убагында Конституция менен башкарып жатабызбы? Конституцияда жок ыкмалар менен башкарып жатпайбызбы. Конституцияда болгон анча-мынча техникалык каталар реалдуу саясатка эч таасирин тийгизе алган жок. Ошондуктан биз биринчи кезекте элди, саясатчыларды, алардын түшүнүгүн өзгөртүшүбүз керек. Жаңы саясий маданиятты, жаңы адамды пайда кылышыбыз керек. Анан Конституциянын нормалары сааттын механизминдей болуп иштей баштайт.

(«Азаттык» маекти уюштурууга көмөк көрсөткөн адвокаттарга ыраазычылык билдирет)
Бурулкан Сарыгулова
Булак:Азаттык