Курсан Асановдой генерал аба-суудай керек болуп турат...


Чындыгында учурда Кыргызстандын түштүгүндөгү абал курч бойдон калууда. Бул биздин өлкөбүздө биринчи жолу болуп жаткан жок. Ош облусунда 1990-жылы кыргыз-өзбек элинин ортосунда жаңжал чыгып, бир топ өмүрлөр кыйылган. Ал эми ошондой эле окуя туптуура 20 жылдан кийин дагы кайталанды. Бул  эки коогалаңга  катышып, эки улуттун ортосундагы жаңжалды басууга  Курсан Асанов сыяктуу эр азаматтарыбыздын салымы чоң.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда Бакиевдин бийлигин кулатуу үчүн эл көтөрүлүп, Таластан чыккан  митингди токтотуу үчүн ошол кездеги ИИМ министри  Камбаралы Конгантиев милиция  менен барган эле. Бирок, ошол кезде таластын эли милиция менен кошо Конгантиевди да ур-токмокко алып, аз жерден өлтүрүп кое жаздаганы маалым. Ошол Таластагы ызы-чууну тыюуга катышкан катардагы милициялар генерал Т.Конгантиевдин чыныгы аскер кызматкери экенине ыраазы болушкан. Анткени генералдын  элден качып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болгон, бирок ал кол алдындагы милиция кызматкерлерин таштап кете алган эмес.Ал эми ошол кезде Таластагы ызы-чууну басабыз деп барган бир топ чиновниктер таанылбас үчүн аялдын көйнөгүн кийип, эптеп качып кеткени азыркы күнгө чейин айтылууда. Милицияны ур токмокко калтырып, кара жанын ала качпай, жоокерлер менен чогуу болгон Конгантиев тууралуу азыр да милиция кызматкерлери анын чыныгы генерал экенин айтып келишет.

Ал эми дагы бир генерал Курсан Асанов боюнча милиция кызматкерлери да ар дайым жылуу гана пикирде. 1990-жылдары К.Асанов жаш кызматкер болсо да кан төгүлгөн окуяны тынчтандырууга катышкан. Арадан 20 жыл өткөндө бул окуя кайталанды. Анда  милицияда тажрыйба топтоп калган К.Асанов  эки элди элдештирүүгө, сүйлөшүүгө, ок чыгарбоого, ок учкан кан майданда жаш милицияларды сактап калууга чоң салымы бар. Ошол кезде жаш милицияларды ал кан майданга алып чыкпай, баардык опурталдуу, кооптуу жерлерге  сүйлөшүү, келишимге келүү үчүн өзү жалгыз барчу. Анткени ал элдин  ошол кездеги психологиясын, агрессиясын мыкты түшүнгөн.
Ар бир  сүйлөшүүгө чыгып жатканда  балким  тирүү кайтып келемби, келбеймби деген күмөн да  болгон. Эгер тирүү кайтып келбесем үй-бүлөмө көз салып жүр деп досторуна айтканын баары билишет.

Курсан Асанов ошол кезде жаш милиционерлерди калкалап, өзүн курмандыкка алып барчу. Бул Ош окуясына гана тиешелүү эмес, Кыргызстанда кандай гана  ызы-чуу, чек - арадагы жаңжалдар, митинг же улуттар аралык анча-мынча тирешүү болсо эле Асанов ошол жерде болуп, өрт өчүргүчтүн милдетин так аткарып келген. Анткени анын тажрыйбасы мол, мыкты кызматкер.

Тилекке каршы акыркы  жолу  экс-президент Атамбаевди кармоодо анын милицияга чыккынчылык кылды деген  ага коюлган жосунсуз күнөөсү коомчулукту таң калтырбай койгон жок. Бул окуяда да Курсан Асанов кан төгүүгө, башаламандыкка жол бербей Атамбаевди тынчтык жолу менен колго түшүргөнүн жалпы кыргыз эли көрүп, кубаттап турду го. Бул окуядан соң, болбогон шылтоо менен, көрө албастык кылышып аны иштен алып тынышты. Таң калычтуусу, Курсан Асанов өз ишин мыкты аткарып, Атамбаевди кармаганы үчүн, стабилдүүлүктү сактаганы үчүн күнөөлүбү? Же Атамбаевди качырып жибербесе, башаламандыкка жол бербесе, баарын так аткарып жатса, эмнеге күнөөлү болушу керек, туурабы?

Буга чейин Баткенде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкканда ЖК депутаты Жанар Акаев: “Курсан Асановду ички тиреш, ички интриганын айынан кызматтан алып, азыр эч нерсе таба албай убара болуп атасыңар. Баткенде кечээ ошондой генералдар керек эле. Жергиликтүү кеңештин депутаты чек-ара боюнча айтып, эки күн мурун коңгуроо каккан экен. А силер аны алдын - алгандын ордуна суракка чакырып жатасынар...”-деп айтып чыккан. 

Мына бүгүн да кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, ИИМдин кызматкери жарадар болгону кабарланды. Мына ушундай кыйын кезеңде куугунтукту токтотуп, Курсан Асановдун тажрыйбасын пайдалансак болбойт беле? Кыскасы, Курсан Асанов азыр коомго аба-суудай керек болгон тажрыйбалуу милиция кызматкери. Көралбастык, ичи тардык, интригадан арылып элдик генералды учурда болуп жаткан кооптуу жерге жиберсе, иш оңунан чечилээри турган иш...

Курсан Асановду каралоо боюнча атайын топ иштеп жатат. Албетте, анын көк жалдыгын капты шибегеге каткандай эле эч ким ката албайт. Аны канчалык каралап, бетине көө жаппасын, эрдиги бир заматта унутулуп калбайт. Анткени, анын басып өткөн жолу, жасаган эрдиктери өзүнчө чоң тарых, демек түбөлүк элдин эсинде сакталат!

Мелис Койлубаев

Булак:ЧЫНДЫК