Казак студенттери карантинге байланыштуу Кытайдын Ухань шаарынан чыга албай жатышат

Казакстандык студенттер коронавирус биринчи катталган Кытайдын Ухань шаарынан чыга албай жатышат. Кытай бийлиги карантин жарыялап, адамдардын шаарга кирип-чыгуусуна тыюу салган.

Уханда окуп жаткан студенттердин ата-энелери казак бийлигине кайрылып, балдардын мекенине кайтып келүүсүнө жардам берүүсүн өтүнүшүдө. Алардын айтымында, учурда балдарынын саламаттыгы жакшы, бирок вирус жуктуруп алабы деп тынчсызданышууда.

— Алардын арасында вирусту жуктуруп алгандар жок. Эпидемия бүткөнчө балдардын кайтып келүүсүнө жардам берүүңөрдү өтүнөбүз, — деди ата-энелердин бири казак дипломаттарына кайрылып.

Азырынча Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ата-энелердин бул кайрылуусу боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Өлкөнүн Башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин эпидемиологиянын эрежелери боюнча балдардын карантин алынганга чейин Уханда калганы туура болорун билдирүүдө.

— Ал жакта биздин студенттер ыктымал оорулуулар менен байланышта болгон болушу мүмкүн. Биз аларды дени сак алышыбыз керек. Алар ошол жакта дарыланышы зарыл. Азыр чыгарып кетүүгө мүмкүн болбой калды. Эпидемиологиянын эрежелери ушундай, — деди Бекшин.

Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 17 кишиге чамалады. Өлкөнүн саламаттык сактоо мекемеси коронавирусту 571 адам жугузуп алганын кабарлап, жарандарды илдет биринчи катталган Ухань шаарына барбоого чакырды.