Алтынбек Жунус уулу, ЖК депутаты: «Ары-бери секире бергенге кызыкдар эмесмин»

-Алтынбек мырза, “Өнүгүү-Прогресс" партиясы шайлоого барар- барбасы али анык билине элек. Жеке өзүңүздүн шайлоого катышайын деген оюңуз барбы?

- Бакыт Эргешович менен партия алдыдагы парламенттик шайлоого барар-барбасы жөнүндө чогуу отуруп кеңеше элекпиз. Бирок, жергиликтүү кеңештердин шайлоолоруна барабыз. Апрель айында Балыкчы жана башка шаарларда шайлоолор өтөт. Ошондо «Өнүгүү -Прогресстин» талапкерлерин катыштырып көрөбүз. Эгер жеңишке жетишчү болсок, отуруп кеңешебиз. Айтор, даярдыктын деңгээли ошол шайлоодо билинет да. Шайлоо боло электе айтыш кыйын. А мен өзүм идеясын колдоп, ушул партияга келгем, ошол бойдон эле туруктуумун.

- Бирок, айрым кесиптештериңиз шайлоо болушун күтпөй эле башка партиялардын этегин кармап, учкаша башташты го?

- Мен башка партияга кете турган болсом дагы Бакыт Эргешович менен кеңешип, анан чечем. Ары-бери секире бергенге кызыкдар эмесмин.

Аттокур ЖУМАЕВ

Булак: "АЗИЯnews"