Нурбек Абасканов: “Акнет”компаниясы рейдерлик жол менен басып алынган деген маалымат жалган. Компания таза, ачык айкын иштеп жатат

“Акнет” компаниясы учурда Кыргызстандагы алдыңкы компаниялардын катарын толуктап, ачык –айкын, таза  стабилдүү иштеп, мамлекеттин алдында баардык милдеттенмелерди так аткарып жатат. Ал эми ал рейдердик басып алууга тушуккан деген маалымат жалган. Бул тууралуу журналисттерге “Акнет” компаниясынын президенти Нурбек Абасканов бүгүн 13- февралда болгон маалымат жыйынында билдирди.
“Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин трибунасынан өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, өз сөзүндө “Акнет” компаниясынын мурдагы президенти Кубан Ажимудинов мыйзамсыз жол менен ишинен четтетилип,   ал тургай ага тиешелүү дивиденддерден да кур жалак калганын айтып чыкты. Андыктан биз окуянын чоо жайын коомчулукка түшүндүрүп берүүнү эп көрдүк.
Биринчиден айтсак, Кубан Ажымудуновдун укугун эч ким бузган жок.  Компанияны жетекчилигин алмаштыруу үчүн, анын негиздөөчүлөрү 1 эмес 5 ирээт чогулушкан. Бул чогулушка Ажымудунов да бир нече ирээт чакырылганы менен, жыйнынга катышуудан баш тартып койгон.
Андыктан, компаниянын эки негиздөөчүсү Аскар Кутанов жана Руслан Абдымажитовдун колунда компаниянын 66% акциясы (Ар бир негиздөөчүдө 33% үлүш бар) болгондугуна байланыштуу “Акнеттин” жетекчилигине мени коюуу тууралуу чечимин кабыл алышкан. Компаниянын жетекчисинин орун басарлыгына Азат Базаркулов дайындалган”, – деди ал.
Ошондой Нурбек Абасканов, депутат Рыскелди Момбеков Кубан Ажумудуновдун сөзүнө таянып, 900 млн сом  акчаны Ажумудуновго бербей, башка негиздөөчүлөр бөлуп алган деген маалыматты да төгүндөдү.

“Акнет” компаниясы 1998 –жылы академик Аскар Кутанов тарабынан негизделип, кийинчирээк ага Кубан Ажумудунов жана Руслан Абдымажитовдор  кошулушкан. Ушул 20 жыл аралыгында негиздөөчүлөргө бир да жолу дивиденддер бөлунгөн эмес. Бирок, биз ишке киришкенден кийин, 2019- жылдын июнь айындагы чечими менен  негиздөөчүлөрдүн бири Кубан Ажимудуновго 150 млн сомду анын банктык эсебине которуп бергенбиз. Бул курулай сөз эмес, анткени менин сөздөрүм тиешелүү документтер менен далилденген. Ушундай эле сумма, башкача айтканда ар бирине 150 млн сомдон 300 млн сом башка 2 негиздөөчү –Аскар Кутанов менен Руслан Ажымудуновго да бөлүнгөн. Кичинчирээк, бизге Кубан Ажимудуновдун иниси Нурлан кат менен кайрылып, дивиденддердин эсебинен дагы 30 млн сом берүүнү өтүнгөн. Бөлүнгөн  акчаларды ал накталай эсеп менен, компаниянын офисинен келип санап алып кеткен. Буга бизде жазылып калган видеоматериалдар далил. Мындан кийин, дагы 60 млн сом өлчөмүндөгү акча дагы 2 негиздөөчүгө,  ар бирине 30 млн сомдон  бөлүнгөн. Башкача айтканда, компаниянын 3 негиздөөчүсүнүн ар бирине 180 млн сом акча берилген. Себеби келишимдин негизинде дивиденддер негиздөөчүлөргө бирдей суммада бөлүнүшу керек. Биз бул шартты толугу менен аткардык”, – деди Абасканов.

Компаниянын президенти белгилеп өткөндөй, учурда “Акнет” Кыргызстандагы алдынкы компаниялардын катарын толуктап, анын иши өнүгүп, өсүп, өйдөлөп жаткандыгын салык жана социалдык төлөмдөрдүн кундөн кунгө көбөюп жаткандыгынан билсе болот.

“Мисалы 2017 –жылы компания Социалдык фондго 7 млн өлчөмүндөгү төлөмдөрдү төлөсө, 2018-жылы 29 млн сом которгон.  Биз ишке киришкен 2019-жылдын 8 айында гана “Акнет” 59 млн сом өлчөмүндөгү акчаны төлөм катары Социалдык фондго төлөгөн. Бул эмнеден кабар берет?  Демек, компания ачык-айкын таза иштеп жатат дегенди билдирет. Андан тышкары, “Акнеттин” абоненттери, анда иштеген кызматкерлеринин санынын көбөюшү  дагы анын өнүгүүсүнүн натыйжасы”, –  деди ал.

Ошол эле учурда, компаниянын юристи Рустам Абдурауфов билдиргендей, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы “Акнет” компаниясынын эки негиздөөчүсүнүн ортосундагы чырдан кийин 5 кылмыш ишин козгогондугун билдирди.

“Биз Рыскелди Момбмековду сыйлайбыз.  Балким таанышын же тууганын колдоп айтып жаткандыр. Ошол эле учурда шайлоо жакындагандыгына байланыштуу, ал адам өзүн пиарлоону көздөп жатышы мүмкүн экендигин да түшүнүп турабыз”.

Эскерте кетсек, компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылган. Ал өнөктөштөрүн келип түшкөн каражатты аз көрсөтүү, ЖЧКдан акча чыгаруу, жалган келишимдерди түзүү жана башка айыптарга күнөөлөгөн. Андан кийин компаниянын президенти Кубан Ажимудинов кармалган. Учурда иш ИИМге берилген.

“Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, бирок бизди Ажимудинов сотко келбей жаткандыгы тынчсыздандырат. Соттук отурум убагында, ал оорусуна байланыштуу абактан кардиологиялык борборго которулган деген маалымат келип түшкөн. Бирок учурда, ал ооруканадабы же башка жакта ээн-эркин жүрөбү белгисиз”,  деп кошумчалады юрист.