Адвокат: Курсан Асановдун иши чала тергелген

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановдун ишине байланыштуу алгачкы соттук жыйын өттү. Эми иштин негизи боюнча сот 28-февралда башталат. Анда жабырлануучу катары мурдагы вице-премьер-министр Жениш Разаков көрсөтмө берет. Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов Асановго карата козголгон иштер бириктирилгенин жана чала тергелип калганын айтты:

«Сотко өткөрүлгөн иш чала тергелген. Асановду айыптоого багытталган иште ойдон чыгарылып жазылган».

Ошондой эле 14-февралдагы соттук отурумда Асановдун камактагы айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулун үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч четке кагылды. Алгачкы соттук жыйынга Курсан Асанов, анын айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу, «Чындык» (Chyndyk.kg) сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков жана мурдагы вице-премьер-министр Жениш Разаков катышты.