Суудан кургак чыккандарга сурак болобу?


Самат Ибраев деген тагдырдын эрке талтаңы бар. Бул эргул алдамчылыкка шектелип, уулуна  иш козголгон жайы бар. Бирок ага карабастан учурда Жогорку Кеңештин аппарат башчысы катары ишин улантып жатканы кандай? Эгер мындай алешемдик орун ала берсе, акыйкаттык орнойбу? Кызматын кыянаттык менен пайдаланып, жабырлануучу тарапты тебелеп кетпейби? Шериги менен иш алып барган "Строймир" деген ишкананы тоноп тоймок тургай, топук кылууну унутуп коюп жегендиги боюнча узун сабак сөздүн аягы бүтө элек. Өзү болсо актанганы актанган. Ибраевке кылмыш иши козголуп, бирок, ЖоКе деген укуругу узун эменин парманы менен аман калуудабы? Кылы кыйшайбай эле азыр да креслодо чалкалап олтурат. Бул деген ага укук тармагынын укуругу жетпейт дегендик. Анткени, канчалаган аткаминерлер камакка алынып, айрымдары түрмөдө олтурса, айрымдары ал жактан бошоп чыгууга да үлгүрүштү. Бир гана ушул Ибраев деген эргулдун кылын кыйшайта албай атышат. Колдогону күчтүү экени ушундан билинип жатат өңдөнөт. Демек, «Колдоочуң Лондондо болсо, корголуңа чыбык сая алышпайт» деген аксиома турмуш чындыгында аныкталып баратабы? Бир учурда өлкөнү мыкчып олтургандар сурак берип атканда, аларга салыштырмалуу Ибраев эмне болуп калыптыр? Эл ырыскысына кол салгандар кайсы бир күнү жазасын алаарына ишенебиз…

ЧЫНДЫК