Жогорку Кеңештин Төрагасы “Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барат

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков ушул жылы боло турган Парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясы менен бараарын Би-Би-Си радиосунун кыргыз кызматына берген нтервьюсунда билдирди.

“Мен 2015-жылы “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланып, Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурам, менин партиям бүгүнкү күндө “Кыргызстан”.  Келечекте Кудайым буйруп, насип кылса “Кыргызстан” партиясы менен барам деп айткым келет”, – деген жообун узаткан.


Эске салсак “Кыргызстан” саясий партиясы эң биринчилерден болуп 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоосуна катышаарын жар салышкан.


Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.