Атамбаевдин тарапташтары УКМКнын имаратынын жанына чогулушту

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айрым тарапташтары бүгүн, 21-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына чогулушту.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, мурдагы президенттин тарапташтары анын саламаттыгына тынчсызданышууда. УКМКнын имаратынын жанында турган Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранованын журналисттерге билдиргенине караганда, алты депутат болуп бүгүн Атамбаевге жолукканы жатышат.

Кодуранова журналисттерге билдиргендей, алар Атамбаевге кездешүүнү дүйшөмбү күнү эле пландашкан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап кеткени тууралуу 19-февралда анын адвокаты Замир Жоошев жана уулу Кадыр Атамбаев кабарлашкан.

Кадыр Атамбаев «Фейсбуктагы» баракчасында атасынын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин, дарыгерлер бул инсульт, инфаркт жана башка күтүүсүз натыйжаларга алып келиши ыктымал экенин айтып жатканын жазган.

20-февралда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери учурда УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент менен жолугуп, ден соолугун көрүп чыгышты. Борбордун маалыматына караганда, мурдагы президент кан басымы төмөндөп, башы ооруп жатканына даттанган. Ушул эле күнү УКМК мурдагы президент Атамбаевдин абалы туруктуу жана дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин маалымдаган.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылганы үчүн жана башка бир катар оор беренелер боюнча айыпталууда. Ал былтыр 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүнөн атайын операциянын негизинде кармалып, камакка алынган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда. 20-февралда Бишкек шаардык соту Атамбаевди тергөө абагында калтырды. 15-январда Биринчи май райондук соту мурдагы президенттин камактагы мөөнөтүн 15-мартка чейин узарткан.