Профсоюздагы “картаңбайлардын” тиреши…

Эки жылдан бери карай кыргызстан профсоюздар федерациясындагы тирешке чекит коюла элек. Анткени эки жаат болуп “дүңпүлдөк” ойношкондордун сахна артындагы шалпылдак айтыштары өтө эле алоолонуп кеткенин коомчулук байкап турат.

Чамасы кызматтык майлуу орунду талашкандын көп себептери бар окшойт. Ириде жетекчиликти колго имерип алуу планы кыймылга келтирилген. Ошондуктан биротоло интриганын чордонунда калкыган Канат Осмоналиевдин командасы төрага Мирбек Асанакуновду ээрден шыпырууга аракет кылып келет. Тилекке каршы анын “сепилине” толук чыгалбаган ушул топтун жини шакардай кайнап, ар кандай ыкмаларды колдонуудан кайра тартпоодо. 5-февралдагы болуп өткөн чогулушта кворум болбосо да эки барак кагазды бетине кармашып айлалары кеткен кербези.

17-февралда болсо мөөр басылган кабинетке кирип кеткен М. Асанакуновду чыгара албай беркилер беймаза болушту. Ал тургай милиция кызматкерлери чакыртылып, эки тарапты араң эпке келтирип турууга мажбурланышты. Негизи булар соттошпогон сот деле калбады. Бирде тигилер утса, кийинкиде наркылар олжолуу болушуп келишет, чиркин! Айтор, профсоюздагы “картаңбайлардын” тиреши бүгүн, эртең бүтчүдөй түрү көрүнбөйт. Эч кимге көз каранды эмеспиз, биз эркинбиз деп эдиреңдегендердин деги качан шаабайы сууйт экен дегендердин көзү чекчеймек тургай тирсек чыгып кетти. Маянаны мол алган, бизнес менен эбактан бери шугулданган 65–80 жаштагы эпчил абышка, кемпирлердин командасы кетмейинче профсоюз тармагы оңолбойт деген санаа менен баяныбызды токтотолу.

Булак:Ачык сөз