Европада коронавирус жуктурган адам каза болду

Италиялык 78 жаштагы адам коронавирустан каза тапты. Ал Кытайда чыккан, 2300 кишинин өмүрүн алган бул жугуштуу оорудан алгач ирет көз жумган европалык болуп калды.

Италиянын Саламаттык сактоо министрлиги 21-февралда каза тапкан карыя Венето аймагында жашаганын билдирди.

“COVID-19” деп аталган вирустун айынан 3300 тургуну бар Венето шаарында санитардык текшерүүлөр башталды. 50 миңге чукул адамды оору чыккан жерге жакын барбоону эскертишти.

Италияда дагы 10 кишиден бул вирус табылган.

21-февралда Кытайда 397 кишиге оору жуккан. Жалпы жонунан 76 288 адамда бул вирус табылган, каза болгондордун саны 2 345 миңге жетти. 16-февралда Фарнцияга барган кытайлык 80 жаштагы турист да көз жумган. Түштүк Кореяда 21-февралда 142 кишиден вирус табылды. Жалпы жонунан 346 адам ооруп жатат