Коронавирус: Кыргызстанда 61 кытайлык көзөмөлдө турат

Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу алдын алуу иштеринин алкагында Кыргызстанда 141 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алардын 61и Кытайдын жарандары. Бул тууралуу 24-февралда «Азаттыкка» Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан келген 1000ден ашык адам дарыгерлердин көзөмөлүнөн өттү.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 29 өлкөдө катталган коронавирус 77 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2692 адам каза болду, 25 миңдейи айыгып чыкты.