Үмүт Култаеванын "Тил билги" автордук мектеби ачылды

Бишкекте филология илимдеринин доктору Үмүт Култаеванын "Тил билги" автордук жогорку мектебинин бет ачары өттү.

Иш-чарага окутуучулар, окумуштуулар, адабиятчылар, журналистер катышты.

Аталган мектеп кыргыз тилин тереңдетип үйрөнүүнү каалагандар үчүн ачылды.

“Сабаттуулукка саякат!” деген ат менен өткөн бет ачарда мектептин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылып, жакында мектептин Ютуб каналы да ишке кирери айтылды.

Эгемендик жылдары коомчулукта туташ сабатсыздык оорун алып, мектеп окуучуларынан баштап аткаминерлерге чейин сабатсыз экени айтылып келет.