Жеген акчабыз баарына жетет деген логика менен жашаган кɵпɵстɵр

Мындан 10 күн мурун Кыргыз республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев 10 миң доллар ɵлчɵмүндɵ пара берип жатып колго түштү. Ɵзү эле эмес, бɵлүм башчы Анарбек Бекмуратов деген эргул экɵɵ экен. Бекмуратовдун туура эмес иш алып барып жатканы боюнча былтыр биздин гезит жазган. Акыркы ошол коррупциялык иштер аныкталып олтурат. 

Биз алардын кармалганын эмес, башка ɵңүтүн карагыбыз келип турат. Президент баш болуп коррупцияга бɵгɵт кое албай атсак, быякта күчɵп атканы кызык. Деги бул коррупция деген неменин тамырын кыркуу мүмкүн эместей туюлуп кетүүдɵ. Кɵп учурда пара алып кармалса, биз сɵз кылып жаткан министрдин орун басары Ногойбаев пара берип кармалып атат. Былык иштери чубала турган болуп калганда, карайлап пара берип атат да, туурабы? Буларда кармалып калабыз, элдин ырыскысына кол салбайлы деген түшүнүк жок экен, эй! Жеген акчаларыбыз кенен жашаганга, үй-бүлɵ бакканга, а түгүл кармалып калсак, сотторду сатып алганга да жетет деген түшүнүк менен жашап калышыптыр. Мындайлар эл аралап баспагандай кыла турган деңгээлге жетишибиз керек. Коррупцияга жол жок!

Булак:Де-Факто