Кыргызстанды кырды-бычак кылган Кашкар...

Кыргызстанда Кашкар Жунушалиев деген министр бар. Кезинде Атамбаев кызматка бир көтөрүп, бир боктоп айдаган. Саясий амбициясы жок, “эт менен челдин” ортосунда жүргөн Жунушалиевди Жээнбеков 2018-жылы кайрадан ИИМге алып келди.Мына ушул Жунушалиев 2019-жылдардагы татаал кырдаалдарда одоно катачылыктары кетирип,  коомго жана мамлекетке көп зыян келтирди. Алардын айрымдарына назар салып көрсөк:

1)    2019-жылы Баткенде кыргыз-тажик чек арасында бир катар чыр-чатактар орун алды. Алардын көбү Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавынын айланасында болду. Мына ошол 40 миң калкы бар Ворух анклавынын жана тажик куралдуу күчтөрүнүн, милициясынын кысымына Ак-Сай айылынын 3 миңдин тегерегиндеги тургундары баатырдык менен каршы турушту. Ак-сайлыктар мамлекеттик чек араны сактоодо ченемсиз баатырдык көрсөтүп жатышты. Чек араны коргогон ак-сайлыктардын өтө жооптуу жана оор миссиясын баалап, алар менен тил табышып, эриш-аркак иштөө Жунушалиев сыяктуу жетекчилердин милдети эле. Тескерисинче, Жунушалиев аларды сабатып, бир нечеси оор жаракат алды. Чек арадагы кыргыз жаштарынын, жарандарынын демине сокку урду. “Өзөктөн чыккан өрт жаман” болду...

2)    Мына ошол эле Баткендеги Көк-Таш айылында чек араны коргоону көздөгөн активисттерди камакка алып, куугунтуктады. Алардын экөөсү дале камакта отурганы белгилүү.Бул да өз мекениңди, жериңди, чек араңды коргосоң мына ушундай куугунтукталасың деген жаман жышаан.

3)    Өткөн жылы август айында Атамбаев Кой-Ташта кутуруп жатканда Жунушалиев Нарынга кетип, Бишкекте  ИИМдин жетекчилигинде баш-аламандык жаратты (маселен, Жунушалиевдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун ал күндөрү кайда жана  эмне кылып жүргөнү ушул кезге чейин белгисиз.) Нарынга 1 миң кызматкер менен барып, тартип орното албады. Кытай инвесторлорукуулуп, Кыргызстан менен Кытай мамилесине доо кетти.

4)    Жунушалиев Нарында боталасы чыгып жаткан учурда Бишкекте УКМКанын башчысы Опумбаев Атамбаевди кармоо операциясын ойрон кылып,  жоокерлерин куралдары менен Кой-Ташта АШАчылар колуна  барымтага салып берди. Операция ойрон болгондон кийин гана Жунушалиев Нарындан туруп, орун басары Курсан Асановго Кой-Ташка барууга буйрук берген.  Жунушалиевдин ою боюнча, Курсан Асанов Кой-Ташка чаап барып, Атамбаевдин үйүнө чабуул коюш керек экен эле. Атамбаевчыларга Опумбаев канчалаган куралдарды таштай качканын билген Курсан Асанов милиция кызматкерлерин окко салууга шашкан эмес.  Чабуул көп курмандыктарга алып келерин билген.  Ошондуктан ал маселени сүйлөшүү менен чечүүнү көбүрөөк көздөгөн. Мына ошол оюн 8-августа чечүүчү күнү ишке ашырган. Жунушалиев Атамбаев сүйлөшүүнү дурустап жүргүзө албай, штурм деп калганда, Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүгө барып, аны колго түшүүгө көндүргөн. Ок атылбай, адам өмүрүнө зыян келтирбей маселени чечкен. Курсан Асановдун мындай батыл кадамы жана демилгесин коомчулук өтө жогору баалады, колдоого алды. Ага ичи күйгөн жана 7-8-августтагы операцияларды ойрон кылган Опумбаев жана Жунушалиев Курсан Асановду жаманатты кылуунун аргасын эки күн издеп, анан жалаа жабууга киришти...

5)    Быйыл 8-мартта кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү  Бишкектеги Жеңиш аянтына чыгышты. Аянтка чыккан аялдарга бетин бет кап менен жапкан белгисиздер  кол салып, кууп тараткан. Белгисиздер менен бирге Жунушалиев жетектеген милиция кызматкерлери жүргөн. Милиция биринчи кезекте коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун, укуктары бузулбашын камсыздаш керек эле.Тескерисинче милиция мына ошол “маскачандар” менен кошо жүрүп, алардын бирин да кармаган эмес. Бул нерсе кыргыз милициясы эле эмес, мамлекеттин да жүзүнө чиркөө болду. Бул да Жунушалиевдин эң чоң катачылыктарынын бири болуп калды. Өлкөнүн демократиялык имиджине доо кетти. Коомдо карама-каршылык күчөдү.  Бул да Жунушалиевдин чоң алешемдиктеринин бири болду. Мунусу үчүн жогору жактан “башына таяк жеп” 9-мартта Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чыккан активисттердин коопсуздугун камсыздоо буйругун алды...

 Мына ушундай одоно катачылыктарга жол берген Жунушалиев ээлеген кызматынан кетиш керек деген демилге көтөрүлдү. Бул туура демилге...

Айданбек Акматов, журналист.
Булак:Жаңы Ордо гезити